Бүгүн, 8-майда Оштогу №12-кесиптик лицейинде согуш ардагерлерин сыйлоо жана алардын эрдигин эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын жетекчиси Бакалбай Калмаматов билдирди.
Ага шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери чакырылган. Иш-чарада кесиптик лицейдин окуучулары тарабынан чакан концерт тартууланды. Ошондой эле ардагерлердин эмгегин даңазалаган ырлар окулуп, сый-урмат көрсөтүлдү. Ошону менен катар ардагерлер башынан өткөргөн күндөрү тууралуу катышуучуларга айтып беришти.