Бишкекте "Серенада" тасмасынын бет ачары болуп өттү

Бүгүн, 8-майда Бишкектеги Кино үйүндө "Серенада" аттуу комедиялуу мелодраманын бет ачары болуп өттү. Бет ачар аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, белгилүү кино чеберлери, ырчылар Сапар Эркебаев, Өктөм Сапар уулу келип катышты. Келген конокторду тасманын режиссёру Рустам Аташов жана продюсери Дамир Нарматов жылуу тосуп алып жатышты.
Жаз, сүйүү, музыка, тамаша камтылган бул тасмада башкы ролдорду жаш таланттар Нургазы Калдаров жана Зарина Эгембердиева ойношту. 
Тасмада башкы каарман Мээрим аттуу жетим кыздын ролун жараткан Зарина: "Бул менин эң алгачкы ролум. Каарман экөөбүздүн тагдырыбыздын окшоштуктары бар болгондуктанбы, образды ачып берүүдө көп деле кыйналган жокмун",- дейт. Ал эми Нургазы Калдаров: "Бул ролго Рустам Аташовдун сунушу менен тартылып калдым. Кесибим - актёр. Буга чейин бир нече тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткам. Тасмадагы Нургазынын ролу менин эң алгачкы башкы ролум. Кыйынчылыктар көп деле болгон жок. Жыйынтыгы кандай болгонун көрүүчүлөр баалашат",- дейт. 
Тасманын кыскача мазмуна токтолсок, башкы каарман Нургазы бала кезинен ырчы болууну самап, күнүгө күзгүгө каранып ырдап-бийлеп, өзүнчө кыялданып жүрөт. Күндөрдүн биринде алардын айылына, Алайга өз энесин издеп балдар үйүндө тарбияланган Мээрим аттуу кыз келет. Ал энесин таппай кетип баратканында ага жолдон мас киши тийишет. Андан качкан кыз айылдын эң бай тургуну Төрөбайдын дарбазасына кире качат. Бул үйдө Нургазы үйлөнө турган Мээрим деген кыз жашачу. Эки тараптын сүйлөшүүсү боюнча кызды жеңеси чыгарып бермек болот. Бул учурда келген Нургазынын эжелери Төрөбайдын кызы эмес, шаардан келген Мээримди ала качып кетишет. Жаңы келген келин менен кошо бул үйгө ынтымак, ырыскы кирет. Бирок көпкө узабайт. Ачуу басарга барган кайнежелер Төрөбайдын кызы Мээримди эмес, шаардан келген жетим кыз Мээримди ала качып алышканын билип, келинди үйдөн кууп чыгышат. 
Мындан ары тасма күлкү, ый аралашкан окуялар менен курчуп отурат. Мээримди аркасынан издеп келген Нургазыны балдар тоноп кетип, жылаңач калат. Кийин бир эженин жардамы менен театрга пол жуугуч болуп жумушка орношот. Ошол жерден артисттер анын талантын байкап, катарына кошуп алышат. Нургазы аз убакыттын ичинде ырчы болуу кыялына жетип, көптөгөн күйөрман топтоп, атактуулукту багындырат. Эл аны түнт мүнөзүнөн улам "күлбөс Нургазы" деп атап коюшат. Бир күнү ал телевидениеге келгенде бул лакап атынын түйүнүн чечип, Мээрим аттуу кызды издеп жүргөнүн билдирет. Нургазыны теледен көргөн Мээрим анын концертине барып жолугат. 
Белгилей кетсек, бул тасма Рустам Аташовдун 11-тасмасы. Режиссёр бул тасманы Нооруз майрамында тартып баштаганын, тартуу иштери толук 1 айга созулганын белгиледи. 
"Серенада" тасмасынын бет ачары болуп өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
peri...97
2014-05-08 20:17:45
Коруш керек,супер инфо сиздерден кутобуз:)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан