Улуттук филармониянын артисттери “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония - таланттардын уясы” аттуу концерт тартуулашат

17-18-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисттери “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония - таланттардын уясы” аттуу концерт тартуулашат. Концерттик программада 360 чыгармачыл адам филармониянын жаралыш тарыхы, басып өткөн жолу, Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгын чагылдырат.

Аталган концерттин режиссёру Алтынбек Максүтов: “Биз бул концертти элдин, өкмөттүн, президенттик аппараттын суранычы менен коюп жатабыз. Концерттин сценарийи ийне-жибине чейин иштелип чыккан. 2 саат 45 мүнөткө созулган концертке филармонияда эмгектенген 360 артист катышат. Анда ата-бабаларыбыздын ырдалып келе жаткан ырлары, дастандар аткарылып, Токтогулдун чыгармалары жаңырат”,- дейт.

Эске салсак, бул концерт 8-апрелде Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналып коюлган. Кыргыз элинин өнөр казынасы болгон комуз, кыл кыяк өңдүү аспаптар ойнолуп, Эстебес Турсуналиевдин чыгармачылыгы жана азыркы филармониянын ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн. Концерттик кече Токтогул Сатылгановдун “Миң кыял” күүсү менен жыйынтыкталган. Эстен кеткис гала-концертке маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова катышып, концерт тууралуу жылуу пикир калтырышкан эле.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан