Кыргызстанда биринчи жолу фотографтардын фестивалы өтөт

16-18-майда Бишкектеги Ала-Арча капчыгайында Кыргызстанда биринчи жолу фотографтардын фестивалы өткөрүлөт. Анда республиканын жана чет өлкөлөрдүн төрт бурчунан келишкен фотографтар, моделдер, чыгармачыл инсандар сүрөттөргө сүңгүп кирүү үчүн чогулушат. “Фотого чыгуу Кыргызстан-2014” деп деп аталган бул фестивалдын негизги максаты – пикирлештердин башын кошуу үчүн бирдиктүү ачык мейкиндик түзүү.

“Фестивалды уюштуруу идеясы мындан 5 жыл мурун Орусиянын Ярослав облусундагы Плещеево көлүндө жүргөндө пайда болгон. Бул убакыт аралыгында катышуучулардын саны өстү. Фестиваль аймактык жана эл аралык деңгээлге чыгып, эми Кыргызстанда, Беларуста, Орусиянын Уралында өткөрүлгөнү жатат. Ага Орусиядагы жана Кыргызстандагы атагы чыккан жана жаш фотографтар катышышат. Мында фото дүйнөсү тууралуу тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деп билдиришет уюштуруучулар.

Алардын айтымында, бул теория менен практиканын уникалдуу айкалышы. Программага мастер-класс, лекция, воркшоп, башталгыч фотографтар үчүн сынактар, профессионалдуу моделдер, визажисттер, стилисттер жана башкалар киргизилген. Иш-чара бекер жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан