Каракол шаарында Жаштар аллеясындагы 20дан ашуун отургуч сырдалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаш активисттер тарабынан шаардын борбордук көчөлөрүнүн бири Тыныстанов көчөсүндөгү Жаштар аллеясындагы 20дан ашуун отургуч оңдолуп-түзөлүп, сырдалып чыкты. Иш-чара “Форвард” жаштар коомдук бирикмесинин демилгеси менен Жаштар аллеясын жакшыртуу максатында ишке ашты.