Бүгүн, 8-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жаш ырчы Самара Каримованын чыгармачылык той-концерти болуп өттү. Концертти "Береке" бий тобу ачып, андан соң сахнага бүгүнкү күндүн күнөөкөрү Самара Каримова чыга келди. Кечени алып баруу милдети КРнын Эл артисти Саламат Садыкова менен куудул Жаныбек Алыкуловго тапшырылыптыр. Алып баруучулар эл менен амандашып алгандан кийин сахнага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ЖКнын депутаты Жусупали Исаевди чакырышты.
"Эмгек менен дос болгуң келсе, анда келгин Лейлекке" деп сөз баштаган министр Баткен жергесинен көптөгөн таланттардын чыкканын, алардын бири Самара Каримова экенин айтып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалады. Ал эми депутат Жусупали Исаев өзүндөй талантты тарбиялаган Эрмек Каримовго, ырчынын атасына ыраазычылык билдирип, ал тууралуу жылуу пикирлерди айтып өттү. Сөзүнүн соңунда Самарага "Лейлек" коомдук фондунун атынан Ардак грамота тапшырды.
Концерттин аты айтып тургандай эле чыныгы той-концерт болду. Ырчы белекке маарыды. Дегеним, ырчыны куттуктап жердеш ишкер агалары, агаларынан кем калбаган эжелери, Аялдар конгрессинин, Жумамүдүн Шералиев фондунун өкүлдөрү келип, куттук сөздөрүн айтып, белек-бечкек, сыйлыктарды тапшырышты. Самара Каримова улуу обончу жана композитор Жумамүдүн Шералиев атындагы төш белгини тагынып, аталган фонддун түштүк жергесиндеги координатору болуп дайындалып, күбөлүктү колго алды. Ырчынын жердеш ишкер агалары куру келбей, "өзүбүз Германиядан айдап келдик" деп Хонда үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырышты. Куудул Жаныбек Алыкулов "Япониянын машинасы Германияда эмне кылып жүрөт?" деп тамаша ыргытып, Мерседес унаасы тууралуу азили менен залды күлкүгө бөлөдү.
Той-концертте ырчы жалгыз ырдаган жок. Аны чыгармачылык кечеси менен куттуктап КРнын Эл артисти Токон Эшбаев, Бабаравшан Тургунбаев, Абидин Темиров, Гүлнур Асанова, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков жана башкалар келип, көрүүчүлөргө ыр белек тартуулашты. Залдын 100 пайызын ээлеген эл жандуу үн менен коштолгон ыр кечеден эстетикалык рахат алып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалап, таркап кетишти.