Съездбек Искеналиев уулу менен кызына дүркүрөтө той берип, элден бата алды (фоторепортаж)

5-майда ырчы, актёр, режиссёр, "Продюсерлер уюмунун" директору Съездбек Искеналиев жубайы Жаркынай экөө борбордогу ресторандардын бирине жакын туугандарын, маданияттын көрүнүктүү ишмерлерин, санаалаштарынын баарын чогултуп, уулу Байамирдин сүннөт тоюн, кызы Нагиманын жентек тоюн берип, элден бата алышты. Тойдо кыргыз каада-салты, жөрөлгөлөрү жасалып, Умай эне жаш үй-бүлөнү арча менен аластап, сары май менен оозантты.
Албетте, шоу-бизнестин өкүлү болгон Съездбектин тою кантип ырчыларсыз өтсүн? Эки жашты бул жакшылыгы менен куттуктап шоу-бизнестин жоон тобу, Динара Акулова, Малика-Дина, Асема, Борончу Кудайбергенов, Мерген Турган, Гүлнур Сатылганова, Айбек Карымов, Замир Арыкбаев, Султан Садыралиев, Мирбек Атабеков, Акбар Сүйүнбаев, Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев, Камчы Сарыбаев, Бакыт Байсариев, Азамат Арыковдор жубайлары менен келишти. Алар эки жашка, алардын үй-бүлөсүнө бакыт, ынтымак каалап, аруу тилектерин арнап, ырдап-бийлеп чер жазышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
kyzjibek_8383
2014-05-09 13:46:17
Аябай сонун болуптур бактылуу болунуздар
0
bai.kymbat
2014-05-09 15:24:59
Азыр жашоо артистердики болдугоо))) Той жакшы отуптур. Бактылуу болгула
0
peri...97
2014-05-09 15:37:52
Адамдар коп барганбы сооонун болгон окшойт...балдарынын омурун берсин
0
missnelya
2014-05-09 16:03:36
Украинада эмне болуп атат андыктан той эле болсунчу ар дайым. Бактылуу болгула :)
+2
Arabella
2014-05-09 16:12:53
Аялы аябай жакшынакай экен!!! Жаркыраган Жаркынайы бар турбайбы!!! Аялын деле ырчы, актриса кылып койсо болчудай экен!!!

МОЛОДЦЫ!!! Мотурайган балдары менен бактылуу болушсун!!!

Ушундай жакшынакай аялынын козуно чоп салбай эми жашаса болду Съездбек!!! Жаш кыздырдын колун кармап толкунданып азгырылбай!!!
+19
suyom_seni
2014-05-09 17:06:51
Мирбек жакында ата болот!) дейткоо.) балдарынардын омурун берсин.Ыймандуу балдардан болушсун!Бактылуу болгула!)
0
Begimkyz
2014-05-09 21:53:37
Балдарыныздын омурун берсин!
+3
Jikos
2014-05-10 11:34:25
Сьездбек озу жакшы адам экен. Баарыбыз той берели, жкусун, жуксун.
+8
raimzhanov81
2014-05-10 22:10:15
тс га кошулсак деле ырчыларыбыз ушинтип той концерттерди бере беришеби жее орустардан уруксат сурап калабызбы.
0
Aikoo2014
2014-05-11 02:00:02
Балдарынын омурлору узун болсун.
0
asylka
2014-05-11 04:13:51
бактылуу болгула
0
asylka
2014-05-11 04:14:54
тойлорун коп болсун
0
Ziyagul
2014-05-12 00:13:21
той соонун болуптур. аялы аябай жылдыздуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан