"Пах-пах!", "Как дела?" деген ырлары менен таанымал болгон казак ырчысы Айкын 7-майда Бишкекке келип, Анжеликанын концертине катышып кетти. Концерттин жүрүшүндө ал "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, чыгармачылыгындагы жана жеке жашоосундагы акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.
Ал өз маегинде азырынча биринчи орунга карьераны коёрун, жубайы "бизге көңүл бурбайсың" деп капа болорун, кыргыз ырчыларынан Мирбек Атабеков менен чыгармачылык байланышта экендигин айтты.
Айкындын эксклюзивдүү маегин "Супер-Инфо" гезитинин бүгүнкү, 9-май күнү чыккан №601-санынан окуй аласыздар.