Бишкектеги Спорт Ордосунда Улуу Жеңиштин урматына “Биз” тобу жана “Лейлек таланттары” аттуу концерт болуп өттү. Сахна көшөгөсү туптуура 35 мүнөт кечигип ачылды. Концертке лейлектик таланттуу ырчылар катышып, ыр сунушту. Ал эми легендарлуу “Биз” тобу хитке айланган ырларын аткарышты.
Бул концертте Спорт Ордосу толуп, көрүүчүлөр өнөрпоздорду колдоп отурушту.
"Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов: “Бул концерт лейлектик таланттарды элге алып чыгуу максатында уюштурулган. Катышуу үчүн 200 адам күч сынашып, жыйынтыгында 30у иргелип алынган. Буюрса, мыкты ырдагандар келечекте кыргыз эстрадасында атагы чыккан жылдызга айланат”,- деп билдирди.