Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт

17-майда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Эл аралык музейлер күнүнө арналган Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт.

Иш-чаранын алкагында интерактивдүү экскурсиялар болот, белгилүү сүрөтчү керамисттер жана скульпторлор мастер-класс өтүп, актёрлук чеберчилик, оратордук искусство боюнча тренингдер, улуттук оюндар жана сынактар жүргүзүлөт.

Мындан тышкары “Раритет багет” көргөзмөсү, кум графикасы менен мультимедиялык шоу, “Тирүү графика”, “Тирүү картина” жана башкалар уюштурулат.

Бул тууралуу бүгүн, 12-майда аталган музейден кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан