Кыргыз мамлекеттик тарых музейи реконструкциялоо иштерине байланыштуу 2 жылга жабылат

Кыргыз мамлекеттик тарых музейи реконструкциялоо иштерине байланыштуу 2 жылга жабылат. Аталган жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, музей толугу менен эмес, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн бөлүмдөр кезеги менен жабылат. Реконструкциялоодо музейдин түндүк, батыш жана чыгыш тараптарына терезелер коюлмакчы. Мындан сырткары буюмдарды сактоочу жайга атайын жабдыктар сатылып алынып, сигнализация жана лифт коюлат. 
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи - Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейде кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон баа жеткис тарыхый жана маданий ыйык эстеликтер аздектелип сакталып турат.
Музей 1925-жылы 9-декабрда негизделген. Өзүнүн алгачкы көрүүчүлөрүн 1927-жылы 5-мартта М.В.Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүндө кабыл алган. Ал экспозиция Кыргыз автономиялуу облусунун I уюштуруу курултайына арналган.

Өлкөдөгү бул туңгуч Тарых музейинин биринчи директору жана анын этнография бөлүмүн негиздеген белгилүү окумуштуу-этнограф С.М.Абрамзон болгон.

Музейдин аталышы өзүнүн өсүп-өнүгүү тарыхында бир нече ирет өзгөргөн:

1925-1933-жылдарда - Кыргызстандын Борбордук музейи;

1933-1943-жылдарда - Мамлекеттик край таануу музейи;

1943-1954-жылдарда - Улуттук маданият музейи;

1954-жылдан баштап - Мамлекеттик тарых музейи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан