Кыргызстандын 3 сулуусу 17-майда Казакстандын Караганды шаарында өтүүчү "Евразиянын жаңы жүзү-2014" Эл аралык сулуулар сынагына катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда "R Style Beauty Company KG" агенттигинин директору Рыскүл Намазбекова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандык 3 сулуу: 18 жаштагы Алтынай Абдумомунова, 23 жаштагы Карина Рысалиева жана 18 жаштагы Сабина Насырова бүгүн, 12-майда Караганды шаарына жөнөп кетишти. "Бул сынактын финалында Кыргызстан, Азербайжан, Молдова, Украина, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн 28 сулуу катышат. Жеңүүчү сынактын баш байгеси болгон 25-35 миң долларлык темир тулпарга жана 3 миң долларга ээ болот. Ал эми биринчи вице-сулууга 5 миң, экинчи вице-сулууга 3 миң, үчүнчү вице-сулууга 1000 доллар ыйгарылат",- дейт аталган сынак тууралуу Рыскүл Намазбекова.