АКШнын “Rennie Harris Puremovement” бий тобу жана сүрөтчү-графист Габриэль Спектер Кыргызстанда семинарларды жана лекцияларды өткөрүү үчүн Бишкек шаарына учуп келишти. Алар 12-17-майда баш калаада, Ошто жана Кара-Балтада көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Аны менен катар көчө искусствосунун фестивалына катышышат.
“Бир жума аралыгында аталган бий тобу жаштарга хип-хоп тарыхын айтып, бий жамааттарына үйрөтүүчү семинарларды өткөрөт. Ал эми америкалык сүрөтчү Габриэль жергиликтүү сүрөтчү-графисттер менен биргеликте №12-мектеп-гимназиясынын дубалына сүрөт тартып, Бишкектеги көркөм окуу жайдын студенттерине лекция өткөрөт” деп билдирет бүгүн, 12-майда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.
Иш-чаранын жүрүш тартиби:
* 13-май – Кара-Балта шаары, Маданият үйү, саат 17:00
* 14-май – Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, саат 19:00
* 15-май – "Курманжан датка" аянтында, Көчө искусствосу фестивалы, саат 10:00-17:00
* 16-май – Бабур атындагы Ош музыкалык драма театры, саат 17:00
* 17-май – Габриэль Спектер Бишкектеги №12-мектеп-гимназиясынын дубалына сүрөт тартат.
Кошумчалай кетсек, “Rennie Harris Puremovement” бий тобу доктор Лоренцо Ренни Харрис тарабынан 1992-жылы хип-хоп маданиятын тренинг, лекция, семинар аркылуу жайылтуу максатында түзүлгөн. Харис аталган топту түзөрдө адам өзүн көрсөтүү үчүн хип-хоп эң башкы формасы болоруна ишенген.
Габриэль Спектер – заманбап искусство багытындагы сүрөтчү-графист. Ал искусствого берилгендиги жана эмгекчилдиги менен эл аралык сыймыкка айланган.