Орусиялык ырчы Жанна Фриске Лос-Анжелестеги клиникалардын биринде рак оорусунан дарыланып жатканы баарыбызга эле маалым. Учурда ырчынын ден соолугу алда канча жакшырып, ал тургай жолдошу Дмитрий Шепелев жана уулу Платон менен сыртка сейилдеп чыгууда.
"Биз эч кимден жашырынган жокпуз. Үй-бүлөбүз менен чогуу дүкөн кыдырып, балдар аянтчаларына баруудабыз. Кээде шаарга чыгып саякаттап келип жатабыз. Кафе, ресторандарга барабыз дегендей. Биз эч кимден уялбайбыз жана коргонбойбуз. Эмнени жашырмак элек? Жаннанын ооруп калганы тууралуу баары эле билет",- деп ырчынын учурдагы абалы тууралуу анын жолдошу Дмитрий 8-майда орусиялык маалымат каражаттарына билдирди.
"Уулубуз Платон жаныбызда. Башында Жанна аны бир жылдай көрбөдү, кийин мен көрүшпөй калдым. Азыр үчөөбүз биргебиз. Ушунун өзү бакыт! Чогуу тамактанабыз, чогуу сууга түшөбүз.
Учурда биздин үй-бүлө бүгүнкү күн менен гана, аны көңүлдүү, эсте каларлык өткөрүү менен жашап калдык. Эртең каякка барабыз, эки жылдан кийин эмне менен алектенебиз, ал тууралуу ойлонбойбуз деле",- деп кубанычы менен бөлүшкөн.
Аны менен катар ырчынын жолдошу жардам берген ырчынын күйөрмандарына терең ыраазычылык билдирип, зарыл убакта берилген жардамды жон териси менен сезгенин, келечекте кайрымдуулук фондун ачып, муктаж адамдарга жардам берерин айткан.