Бүгүн, 12-майда Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы колледждин студенттери 9-Май - Улуу Жеңиш күнүнө карата Бишкектеги "Жеңиш" аянтында флешмоб өткөрүштү. Аталган иш-чарага 200 студент катышып, Өчпөс отко гүл коюу менен башталды. Андан соң согуштан кайтып келген жигиттерди сүйүктүү кыздары кучак жая тосуп алышканы чагылдырылып, алар вальс бийлеп киришти. Андан соң 2 тарапта тизилген жаштар кошулуп, заманбап бийден тартып кыргыздын "Кара жоргосун" бийлешти. 5 мүнөткө созулган жагымдуу иш-чара бүтөрү менен көк асманга шар учурулду.
Иш-чаранын уюштуруучусу Дамира Конокбаева: “Бул флешмобду Улуу Ата Мекендик согушта курман болушкан 27 миллион адамды унутпаш үчүн уюштурдук. Флешмобдун идеясын колледждин студенттери ойлоп табышкан. Алар да дүйнөдө тынчтык болуп, согуш болбосун деген тилекте аянтка чогулуп, өнөрлөрүн тартуулашты”,- деди.