Орусиялык ырчы Александр Розенбаум биринчи жолу Бишкекте концерт берди (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-майда орусиялык белгилүү ырчы Александр Розенбаум өзүнүн чыгармачыл тобу менен Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнө карата “Эң мыкты” аталышындагы концертин берди. Музыкалык кече Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда орун алды. Саат 19:00гө белгиленген концерттин көшөгөсү туптуура 19:15те ачылды. Филармониянын залы 100 пайыз ырчынын күйөрмандарына толуп, элдин дүркүрөгөн кол чабуулары менен Александр Розенбаум чыга келди.

Концертте ырчынын аткаруусунда көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган согуш, сүйүү, жашоо темасындагы белгилүү жана жаңы ырлар жаңырды.

Кошумчалай кетсек, ушул эле концерт 11-майда Канттагы авиабазада коюлган. Ошондой эле 13-майда да улантылат. Композитор Александр Розенбаум табиятынан эркектин күчтүү баритон үнүнө ээ ырчы катары белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuriik
2014-05-12 23:26:58
Rozenbaum buga cheyin Bishkekte koncert koiup ketken, orus drama teatrynda.
0
mi-li-na
2014-05-13 01:41:51
Вау, Гулнара эжебиздин кызы бар экен да, кубанычтамын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан