Окумуштуу-этнограф Клавдия Антипинанын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

12-майда Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында окумуштуу-этнограф Клавдия Антипинанын 110 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө Клавдия Антипина тууралуу макалалар жана очерктер коюлган.

К.Антипина 1904-жылы 5-майда Саратов облусунда туулган. 1937-жылы 5 жаштагы уулу менен Москвадан Бишкекке жөнөтүлгөн. Кыргызстанда ал көрүнүктүү окумуштуу-этнограф, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты жана Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген кызматкери катары таанымал.

“Элдик маданиятты терең изилдөөгө, салттык өндүрүштү өнүктүрүүгө ал өзүнүн бүтпөгөн энергиясын, билимин жумшаган”,- деп билдирет Кыргыз улуттук китепканасынан.

“Кыргызфильм” студиясы бир нече жолу окумуштуу-этнографка консультация сурап кайрылышкан. Аны “Жура”, “Биздин балалыктын асманы”, “Ак илбирстин тукуму” тасмаларынын илимий автору десек болот. Азыр да көптөгөн сүрөтчү-стенографтар жана дизайнерлер спектаклдерге, тасмаларга жана фестивалдарга декорация жана кийимдерди тандоодо Клавдия Антипинанын китебине кайрылышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан