17-майда К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры 31-театралдык сезонун жабат. Жыйынтыктоочу иш-чарага КР Өкмөтүнүн аталган облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев катышып, Григорий Гориндин чыгармасынын негизинде коюлган «Забыть Геростарата» аттуу спектаклди көрүүгө келди.
Аталган пьесанын режиссёру - КРнын Эмгек сиңирген артисти Орункүл Кожомкулова. Спектаклди көрүү үчүн Каракол шаарынын тургундары жана искусство сүйүүчүлөрү келишти.
К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрында 50 адам эмгектенет. Алар 17-майга чейин спектаклдерди коюшуп, 31-сезондун жабылышына карата гала-концерт өткөрүшөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы 13-майда билдирди.