СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги Бишкектин Абдрахманов – Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине тургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда С.Чокморов атындагы фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, эстеликти жасоого жалпысынан 5 миллион сомдун тегерегинде акча каражат чогулду. “Учурда эстеликтин 25-28 пайызы бүттү. Анын бийиктиги 5 метрге тең болот. Эстелик колодон же жезден жасалабы деген маселе да алдыбызда турат”,- деди ал.
Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин орнотуу 2014-жылдын ноябрына чейин пландалууда.