17-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында 2013-жылдын эң мыкты тасмаларына “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда маалымат жыйынында аталган
киносыйлыктын негиздөөчүсү Таалайбек Кулмендеев билдирди.
Анын айтымында, 12-майда “Ак илбирс” киносыйлыгынын уюштуруу комитети 12 номинация боюнча талапкерлерди тандап алган. “12 номинациядан тышкары дагы 2 номинация бар. Алар: “Кассалык чогултуу боюнча мыкты тасма” жана “Кино искусствосуна зор салым кошкон үчүн” деген наамдар. Биринчиси “Салам, Нью-Йорк!” тасмасына берилсе, экинчиси режиссёр, актёр Болот Шамшиевге ыйгарылат”,- дейт ал.