Маалымат каражаттарында Мерьем Узерли “Даңазалуу кылым” тасмасынын акыркы сериясына тартылууга макулдугун бергени айтылууда. Анын акыркы сериясын продюсерлер фильм кылууну чечишкен. Мындай чечим актёрлордун да колдоосуна алынган. Мындан тышкары 50 мамлекет "Тимс Продакшнга" фильм тартуусун өтүнүп кайрылышкан.
"Эми гана эс алууну пландап жүргөн Тимур Савжи кайрадан тасманы тартууга киришти. Актёрлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн ал Хүррем султандын ролун ойноп берүү үчүн Мерьем Узерлинин эшигин каккан. Долбоорду таштап кеткен мыкты актриса тартылууга макулдугун берген",- деп чет элдик маалыматтар бүгүн, 13-майда жазып чыгышты.