14-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Аскер институтунун базасында аскердик-патриоттук ырларды мыкты аткаруу боюнча окуу жайлар арасында биринчи республикалык сынак өткөрөт.
Сынак КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.
Иш-чаранын максаты жаштарды мекенди сүйүүгө үндөө, адеп-ахлакка чакыруу, алардын көркөмдүүлүк потенциалын арттыруу жана аскердик-патриоттук ырларды жайылтуу болуп саналат.
“Сынак төрт этапта жүргүзүлүүдө. Район, облус аралык тандап алуу сынагында жеңгендер финалга катышууга жолдомо алышкан. Финалда 12 команда чыгат. Алардын алтоосу облустардан болсо, калганы Бишкек райондорунун жана Кыргыз улуттук аскер лицейинен”,- деп билдирет КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү.