18-майда саат 11:00дө Бишкек шаарында К.Баялинов атындагы республикалык жаштар жана балдар китепканасында “Айтматовду окуйбуз” аттуу бөлүмдүн ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда аталган китепкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт жана анын чыгармаларынан үзүндүлөр окулат. Андан соң Айтматов жөнүндөгү даректүү тасма көрсөтүлүп, оюндар ойнотулат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.