Ошто студенттердин илимий сүрөт көргөзмөсү өттү

13-майда Ош технологиялык университети студенттеринин практикалык, курстук жумуштарынын жана дипломдук долбоорунун жылдык жыйынтыгын чыгарып, «Жаш сүрөтчү» көркөм сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Андан технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жеңил өнөр жай кафедрасынын дизайн адистигинде билим алган 100гө жакын студенттин 1000ге жакын илимий эмгеги көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.

"Дизайнер адистиги - чыгармачылыкты талап кылган адистиктердин бири. Ошондуктан биз мындай сүрөт көргөзмөлөрдү уюштуруп, студенттердин илимий иштерин көрүүчүлөрдүн сынынан өткөрүп, алардын сын-пикирлери менен студенттердин чыгармачылыгынын өнүгүүсүнө түрткү болуп бере алабыз",- дейт жеңил өнөр жай технологиясы кафедрасынын башчысы профессор Муса Арзиев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан