20-майда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера-балет театрында “Бишкек – ислам маданиятынын борбору” аттуу иш-чаранын расмий бет ачар аземи өтөт.
Саамалык концерттик программа менен коштолот. Муну менен катар бул күнү Мамлекеттик тарых музейинде араб каллиграфиясы, Мекке жана Мадинанын макеттери жана Ыйык Каабанын жапкычынын фрагменти көргөзмөгө коюлат.
Ошондой эле программа боюнча “Ислам конференция” уюмунун башкы директору Абдулазиз Отман Аттвайжри менен КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиеванын жолугушуусу пландалган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.