Кытайдын Гуйлинь шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү өттү

9-11-майда Кытайдын Гуйлинь шаарында Кыргызстандын Маданият күндөрү өткөрүлдү. Аны КРнын Гуанчжоудогу башкы элчилиги, “Патриот KG” коомдук бирикмеси жана Гуйлинь технологиялык университети уюштурган.

Иш-чарага Кытайдын ар кайсы аймактарынан келген 150 кыргызстандык, аталган университеттин окутуучулары, студенттери жана шаар тургундары катышкан.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан тууралуу фотокөргөзмө, кыргыздын кол өнөрчүлүгү жанан улуттук тамак-аштары тартууланган. Кыргызстандык студенттер улуттук музыка жана бий кечесин уюштурушкан. Мындан тышкары улуттук спорт түрү боюнча таймаш өткөрүлгөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы бүгүн, 14-майда кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан