Орус драма театрында карачайлардын “Учкулан” ансамбли концерт берет

17-майда Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында карачайлардын “Учкулан” ансамбли өз чыгармачылыгын тартуулайт. Бул ыр кече ансамблдин 5 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Концерттик программада Түндүк Кавказ элинин маданияты чагылдырылат.

Мындан тышкары театрдын фойесинде элдик чеберлердин чыгармачылыгы көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда аталган театрдан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы "Учкулан" ансамбли карачайлардын улуттук нарк-насилин, маданиятын сактап калуу үчүн 5 жыл мурун уюшулган. Бул ансамбль өзүнүн оригиналдуу программалары аркылуу карачайлар арасында эле эмес, Кыргызстандын жалпы журтуна таанылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан