“Жаш канат” ансамбли Самарада өткөн фестивалдан байгелүү кайтты

Бишкектеги №6-балдар искусство мектебинин “Жаш канат” хореографиялык ансамбли Самарада өткөн “Волгадагы жолугушуулар” аттуу VIII Эл аралык сынак-фестивалында үч номинация боюнча байгелүү орундарга ээ болду. Бул сынакта 29 хореографиялык коллектив, 800 жаш талант өнөрлөрүн тартуулаган. Сынак-фестивалда Кыргызстан, Орусия жана Казакстандан барган таланттар 6 номинация боюнча ат салышкан. Алардын өнөрлөрүн профессионал хореографтар, бий ансамблдеринин, театрлардын жетекчилери, окутуучулары баалашкан.

Кыргызстандан барган жаш ансамбль үч номинацияда чыгармачылыгын көрсөтүп, “Элдик бий” номинациясында 1-орунду, ал эми “Эстрадалык бий” жана “Стилизация” номинацияларында 2-орунду камсыз кылышкан. Ийгиликке жетишкен командага калыстар тобу сынактын гала-концертинде эки хореографиялык композиция тартуулаганга мүмкүнчүлүк беришкен.

Маалымат үчүн айта кетсек, “Жаш канат” ансамбли Бишкек шаардык мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын алдында 2 жыл мурун түзүлгөн. Анын көркөм жетекчиси - КРнын Маданиятынын мыкты кызматкери Канат Фаткулин. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан