20-майда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "Бишкек - ислам маданиятынын борбору" иш-чарасынын ачылыш аземи болот. Иш-чара концерттик программа менен коштолот. Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө Мамлекеттик тарых музейинде араб каллиграфиясынын көргөзмөсү өтөт. Мындан сырткары анда Мекке жана Мединанын макеттери коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бул маданий иш-чара илим, билим жана маданият боюнча түзүлгөн "Ислам" уюмунун демилгеси менен өтүүдө.