16-май күнү Ош шаардык Бабур атындагы драма театрында америкалык "Rennie Harris Puremovement" тобу концерт коёт. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда “Youth of Osh” агенттигинен Эмил Сагынбаев билдирди.
Маалым болгондой, концерт жергиликтүү хип-хоп бийчилеринин коштоосунда өтөт. Ошондой эле хип-хоп бийчилери үчүн мастер-класстар өткөрүлүп, эки өлкөнүн таланттары тажрыйбалары менен алмашышат.
Эскерте кетсек, "Rennie Harris Pureмovement" тобу АКШнын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарынан чыккан.