Балдар үйүнүн жеткинчектери “Battle Skillzz-2014” фестивалында өнөрлөрүн көрсөтүшөт

Эртең, 15-майда Бишкектеги Курманжан датка атындагы аянтта балдар үйүнүн өспүрүмдөрү “Battle Skillzz-2014” фестивалында өнөрлөрүн тартуулашат. Бул фестивалга 6 балдар үйүнүн таланттары катышууда. Алар дасыккан чеберлер менен бир сахнада бийлешет. Бул иш-чаранын негизги максаты - балдарды бийге тартуу жана балдар үйүнөн чыккандан кийин коомчулукта ийгилик жаратуу үчүн алардын өз ишенимдерин арттырууга көмөк көрсөтүү.

Валерия Аслаповская, уюштуруучу: “Балдар бийлөө жана театралдык-бийлөө боюнча шоулордо өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле бийчилер жана актёрлор менен биргеликте заманбап бий менен театрды айкалыштырууга аракеттенишет”,- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан