Драматург Мар Байжиев Кыргыз циркинин алгачкы мааракелик медалы менен сыйланды

Кыргыз циркинин 50 жылдык мааракесине арналып чыгарылган алгачкы медаль менен драматург, СССР кинематографиясынын отличниги, КРнын Эмгек сиңирген ишмери Мар Байжиев сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Кыргыз циркинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, драматург: "Цирк менин көз алдымда тургузулду. 1962-1963-жылдары репертуары калыптана баштаган кезде активдүү иш алып бардык. Мен ал кезде Маданият министрлигинде башкы редактор элем. Бардык тексттер, чыгармалар менин колумдан өтчү. Эмгегибиздин текке кетпегенине сыймыктанам",- деп ыраазычылыгын билдирип өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан