"Курманжан датка" тасмасы тартылып бүттү. Учурда 100дөн ашык чыгармачыл адамдар үн коштоо жана өңдөрдү коррекциялоо иштеринин үстүндө иштөөдө. Тасманын бет ачарын июль айына белгилеген элек. Бирок Кыргызстанда адистердин жетишсиздигинен улам бир аз артка жылып кетти. Чыгармачыл топ канчалык эрте бүтсө, бизге да ошончолук жакшы болмок. Тасманын бет ачарын 31-августка белгилеп, ошол күнгө аракет кылып жатабыз",- деп билдирди бүгүн, 14-майда "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз.
Белгилей кетсек, 3 жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулат. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Башкы ролдордо: Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы.