15-майда "Манас" кинотеатрында Айбек Өмүровдун "20дагы чал-кемпир" тасмасынын бет ачары болуп өттү. Ага тасмадагы каармандар, тартуучу топ, алардын жакындары, ырчылар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Саат 10:00гө белгиленген бет ачар бир аз кечигип башталды. Эл алдына чыккан алып баруучу тасманын бет ачар аземин ачык деп жарыялады. Мындан соң тасманын башкы каармандары жана тартуучу топтун мүчөлөрү кызыл килемден өтүштү.
Тасманын мазмунуна токтолсок, анда Асылбаш айылында күн өткөргөн абышка-кемпирдин жашоосу, алардын бир түндө 20 жаштагы жигит менен кызга айланышы чагылдырылат. Чоң ата небересине мурасын өткөрүп берүү үчүн аны шаардан айылга чакырат. Абышка ага гектарлаган жерди көрсөтүп, "Бул ата-бабабыздан бери мурастан мураска өтүп келе жаткан жер. Көзүмдүн тирүүсүндө сага тапшырып коюуну чечтим" дейт. Анда небереси "Ата, бул жерди сатса канча акча болот?" деп сурайт. Муну уккан абышканын маанайы түшүп, түн ортосунда туруп көктү карап "Жаратканым, балдарыма ыйман бере көр!" деп жалбарат. Дал ушул түнү чал-кемпир 20 жаштагы кыз-жигитке, тагыраак айтканда, небереси менен анын сүйүктүүсүнүн кейпин кийип калышат. Тасма мындан ары кызыктуу окуялар менен коштолуп отурат.