Бүгүн, 15-майда Бишкектеги Курманжан датка атындагы аянтта “Battle Skillzz-2014” аталышында Көчө искусствосунун фестивалы болуп өттү. Фестивалга 6 балдар үйүнүн өспүрүмдөрү, АКШнын “Rennie Harris Puremovement” бий тобу жана сүрөтчү-графист Габриэль Спектер катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул иш-чаранын негизги максаты балдарды бийге тартуу жана балдар үйүнөн чыккандан кийин коомчулукта ийгилик жаратуу үчүн алардын өз ишенимдерин арттырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө сүрөтчү-графисттер да таланттарын элге тартуулашты. Алардын эмгектеринин арасынан “Евровидение-2014” сынагынын жеңүүчүсү Кончита Вурсттун сүрөтүн көрүүгө болот. Мындан тышкары бул иш-чарада велосипедди мыкты башкарган жаштар ар кандай трюктарды жасашты.