Мирбек Атабеков, Султан Садыралиев, Омардын хит ырларынын автору, акын кыз Кундуз Качкынбаева ак жоолук салынып, турмуш жолуна аттанды

Мирбек Атабековдун "Күндөр жаңырат", "Кыргызстан", "Эл тилеги", "Сага", Султан Садыралиевдин "Эгиз жүрөк", Нурмат Садыровдун "Сүйгөн жүрөк", Арсендин "Тагдырың сага жазганда..." ырларын укпаган жан жок болсо керек. Кыргыз эстрада жылдыздарына мына ушундай хит ырларды жазып берип жүргөн таланттуу акын кызыбыз Кундуз Качкынбаева кечээ, 14-майда ак жоолук салынып, турмуш жолуна аттанды. Акынды куттуктап коюу үчүн телефон чалганыбызда, үнүнөн толкунданып жатканы байкалып турду.

"Турмушка чыккандагы сезим бир башкача болот турбайбы. Учурда түшүмдөн ойгонгондой болуп, бир башкача сезимде жүрөм. Жолдошумдун аты - Мирлан. Тоң районунун Көк-Сай айылынын кулуну. Кечээ, 14-майда кайын журтум кыргыздын каада-салты менен мени үйдөн алып кетишти. Ушул эле күнү Бишкектеги ресторандардын биринде жакын туугандарыбыздын, дос-курбуларыбыздын курчоосунда заманбап тоюбузду өткөрдүк. Азыр жолдошумдун кичи мекенине сапар тартканы турабыз",- деп жакшылыгы менен тең бөлүштү.

Анын айтымында, эки жашты бул жакшылыгы менен ырчылар Токтобек Асаналиев, Мээрим Карыпова, Гүлзат Байзакова, Мирбек Атабеков, Омар, Акбар Сүйүнбаев, Султан Садыралиевдер куттуктап кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Gulnur1980
2014-05-15 16:05:52
Сонун ,татынакай келин болуптур,Бактылуу болгула!!!

+4
aibars
2014-05-15 16:06:25
Baktyluu bolgula, karmashkan kolunar tuboluk bir bolup kartaigan kempir chal bolgula.
+2
aitowa11
2014-05-15 19:41:18
Бактылуу коп балалуу болгула
+1
pakistanka
2014-05-15 19:53:42
baktyluu bolgula...
+2
rozka
2014-05-15 22:35:01
Эки жаш бактылуу болушсун бала чакалуу болушсун
+1
Begimkyz
2014-05-16 13:41:42
Бакыт каалайбыз!!!
0
koshoy_87
2014-05-16 18:53:28
Бактылуу болушсун баш кошкон эки жаш.
0
kaltunlu
2014-05-16 19:06:05
Kunduzdun bır tuugan jenesı menın klasstashım kop ele jolu uyuno barganda korup kaldım ayabay toktoo ıymanduu tınch kız ele baktıluu bol turmushka chıgıpsın alıs jakta bolsok da okup suyunup kaldım Suyun ejekene Aynura jenene menden ısık salam Tursıyadan Sahıda ejen
0
Beka.Alay
2014-05-16 22:50:25
Azamatsiz eje baktiluu bolgula Jaratkan ozu jar bolsun intimaktuu tugoylordon bolgula
0
rayana86
2014-05-17 18:01:38
oo menin tai ejemgo baktyluu bolunuzdar.jezdem ekoonor ayabai jarashypsynar biri birinerge. siz menen syimyktanabyz
0
aida2013
2014-05-18 03:07:52
бактылуу бол Кундузка!
0
Gulshan_kf
2014-05-18 14:09:10
Бакыт каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан