Кагаз менен калемди эрмек кылып, көп убактысын сүрөт тартуу менен өткөргөн жаш, таланттуу
Медер Келдеев биринчи жолу Бишкектеги Эмен сейил багына 3D форматында сүрөт тартып, анысы элдин кызыгуусун жаратууда.
"Мен алгач ал жерге Кыргызстандын гербин тарткан болчумун. Карап отуруп гербдин эл алдында тебеленишин каалабадым. Анан дароо аны оңдоп, жардын сүрөтүн тартып койдум. Бул сүрөт 5 сааттын ичинде тартылган. 2 банка "Эмаль" сыры жана ага кошуучу 6 флакон боёк кетти.
Бул эмгегимди жаштар жакшы кабыл алышууда. Айрымдар жөн эле тепсеп өтүп кетип жатышат. Негизи, бул сүрөттүн 3D форматында экендиги күн жок кезде, эртең менен жана кечинде жакшы байкалат. Атайын четине "Х" белгисин коюп койгом. Ошол жерден туруп кароо керек",- деп билдирди бүгүн, 15-майда жаш сүрөтчү бул эмгеги тууралуу.