31-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында камералык оркестр “Бир түндүк бермет” аттуу джаз музыкасынын концертин берет. Концертке маэстро Роджер Макмеррин жана аранжировкачы Айан Полстер катышат.
Ошондой эле джаз-вокалист катары Дмитрий Шарабурин жана үйлөмө аспапта ойногон музыканттардын топтору Киев шаарынан келишет.
“Биринчи жолу классикалык оркестр джаз композицияларын аткарат. Кечеде улуу композиторлор Глен Миллер, Дюк Эллингтон, Фрэнк Синатр, Луи Армстронг, Бэн Гудмэн, Лерой Андерсондун чыгармалары ойнолот”,- деп билдиришти уюштуруучулар.