6 жылдан бери миңдеген күйөрман топтоп, жүздөгөн жаштарды атактуулукка жеткирген "Тамашоу" Лигасы 18-майда 6-сезонун жыйынтыктайт. Анда мыкты оюндары менен эң күчтүү деп табылган 6 команда кубок үчүн таймашышат. Алар: "Позитифф", "Кыргыз двор", "Элестет", "Бишкек", "Nо name" жана "NutsТан" курама командалары. Финалчылар сынакта 5, "Фристайл", "Ким тапан?", "Музыкалык тапшырма", "Видео тапшырма" жана "Капитандар сынагы" тапшырмалары боюнча "калчылдашышат". Бул чечүүчү сынакка "тамашоучулардын" даярдыгы кандай? Аны билүү үчүн командаларга байланышка чыктык.
"Позитифф" курама командасы: "ЧЕМПИОН БОЛСОК, БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ КАРЫЗДАРЫБЫЗДЫ ЖАБАБЫЗ"
- Учурда даярдыгыбыз "4+" десек болот. Дегеним, азыр акыркы тапшырманын үстүндө кызуу иштеп жатабыз. Даярданууга көп акча каражатын жумшадык. Уккандар "Мынча коротуп эмне кыласыңар?!" деп таң калышууда. Элге мыкты оюн көрсөтүү үчүн акчабызды аяган жокпуз. Кудай буюруп чемпион аталсак, биринчи кезекте карыздарыбыздан кутулабыз. Артып калса бассейнге барып чумкуп келебиз деп кыялданып жаткан учурубуз. Учурдан пайдаланып, күйөрмандарыбыздан сурана турган нерсебиз бар. 6-сезон бою колдоп, бизге дем-күч берип келдиңер. Сиздердин
жардамыңыздар менен биз чоң ийгиликтерге жеттик. Эми акыркы, чечүүчү оюнда келип бизди жакшылап колдоп
кетишиңиздерди суранабыз. Сиздерден колдоо, кыйкырык, ышкырык, сүрөөн
күтөбүз, митинг кылып жибергиле анан, ха-ха...
"Кыргыз двор" курама командасы: "ОЮН ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛСИН ДЕП МЕЧИТКЕ БАРЫП СЫЙЫНДЫК"
- Биздин даярдык азырынча орточо. Анткени биздин команда шайыр, тапкыч жаш таланттарга да жардам берип келет. Алардын бул айда бир катар иш-чаралары бар эле. Ошолор менен алышып жүрүп убактыбыз тартыш болуп калды. Азыр күн-түн дегенди билбей, билек түрө оюнга даярдана баштадык. Балдар сүйлөшүп алдык, эч кимге көңүл бөлбөйбүз, кыздарга чалбайбыз, бир гана оюндардын үстүндө иштейбиз деп. Андыктан, кыздарики, бизге таарынбагыла!
Албетте, кимдин эле чемпион болгусу келбесин. Жеңиш биз тарапка оосун деген жакшы ниет менен мечитке бардык. Андан сырткары "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып Апрель баатырларына, Ч.Айтматовго куран түшүрүп кайттык. Буюрса, алдынкы 3 орундун бири биздики болот деп турабыз.
"NutsТан" курама командасы: "БИЗ ЭЧ КИМДЕН КОРКПОЙБУЗ! БУЮРСА, ЖЕҢИШ БИЗДИКИ БОЛОТ!"
- Амбициябыз күчтүү. Ал күнү жеңиш биз тарапты карап жылмайса да, жылмайбаса да биздин команда үчүн чоң майрам болот. Анткени капитаныбыз, красавчик жигит Бекказынын туулган күнү. Эгер утсак, анда биз үчүн кош майрам болот. Учурда кош майрам жаратууга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Даярдык иштеринин 90 пайызы бүттү. Майда-чүйдө нерселер гана калды.
Ачыгын айталы, биз эч кимден коркпойбуз! Калыстар тобуна эмес, элге, көрөрмандарыбызга жаккан оюндарды тартууласак деп турабыз.
"Элестет" курама командасы: "ФИНАЛГА ЧЫККАН АР БИР КОМАНДАГА СЮРПРИЗ КАМДАДЫК"
- Финалга жалаң "жырткыч" командалар чогулдук. Менимче, айыгышкан кармаш болчудай. Биз пародияларды аткарган команда катары таанымал эмеспизби. Бул оюнга да көп жаңы чыгармаларды даярдадык. Албетте, саясатчылар тууралуу пародиялар жаңырат. Кыскасы, азыртадан эле айтып коёлу, даярдыгыбыз күч. Финалга чыккан ар бир командага сюрпризибиз бар. Буюрса, оюн учурунда көрүшөт.
"No name" курама командасы: "БИЗ ЧЕМПИОН БОЛОБУЗ! БАШКА ВАРИАНТ ЖОК"
- 3 жумадан бери тыным жок, даярдык үстүндө жүрөбүз. Чечүүчү сынакта биз утабыз. Башка вариант жок, чекит! Командадагы Руслан менен Жеңгисхан өзгөчө идея сунушташты. Кыскасы, бул оюнда жаңы стиль менен чыгып, "даң-даң" кылабыз.
Азыр Оштобуз. Буюрса, 17-майга кечки саат 6га учакка билет алып койдук. Аман-эсен жетип алсак, күйөрмандарыбыз менен кучак жайып көрүшөбүз. Көрүшкөнчө, туугандар!
"Бишкек" курама командасы: "ЖЕҢИШ БИЗДИН КОМАНДАГА КАРАП ЖЫЛМАЯТ"
- Команда күнүгө кечке жуук чогулуп, түнкү саат 1-2ге чейин даярданууда. Кечинде чогулганыбызда көргөн кызыктуу окуяларыбызды ортого салып, тамашаларды жаратуудабыз. Буюрса, бул оюнда ойлоп табылбаган, жалаң эл арасында, күндөлүк жашоодо орун алган тамашаларды алып чыгабыз. Даярдыгыбыз күч. Көрөсүңөр го, жеңиш биз тарапка карап жылмаят. Кыргызда "жакшылык жакшылыкты чакырат" деп коюшат го. Биздин команда 11-майда орус КВНинде чемпион аталган. Буюрса, ал наамыбыз бул чемпиондукту өзүнө чакырат деген ишеничтебиз.