18-майда И.Раззаков атындагы меморалдык үй-музейинде Эл аралык музей күнүнө карата "Дүйнө балдардын көзү менен" аттуу көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда уюштуруучулар кабарлашты.
"Бул көргөзмө жыл сайын Музейлер күнүндө уюштурулуп келет. Анын негизги максаты балдарды патриоттуулукка үндөө, эли-жерин, мекенин сүйүүгө, жаратылышты коргоого чакыруу болуп саналат. Аны менен катар келечек ээлерин көркөм чыгармачылыкка тартуу болуп саналат",- дешет уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, Музейлер күнү 1977-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет. Бул күнү ар кандай көргөзмөлөр жана жаңы экспозициялар ачылат. Музейлердин кызматкерлери лекцияларды окуп, экскурсияларды уюштурушат.