Рэп ырчылары Добр жана Хан-Темир “Ачуу суу” ырына клип тартышты

Рэп ырчылары Добр менен Хан-Темир “Ачуу суу” ырына клип тартып, элге сунушташты. Бул тууралуу Добр бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына билдирди.

Хан-Темир экөөбүз бир жылдан бери чогуу иштешип, альбом жаздыруудабыз. Учурда 5 ырыбыз жазылып бүттү. Алардын ичинен “Ачуу суу” деген ырыбызга клип тарттырдык.

Хан-Темир жөнүндө айта кетсем, ал да рэп ырчысы. Бирок ырды аткаруу стили меникинен башкачараак. Биз бул ыр менен жаштарды коомчулуктагы терс көрүнүштөрдөн алыстатууга үндөйбүз. Ал жаңы агымда жазылган, дегеним, рок менен рэп стилин айкалыштырганбыз. Клип 1 күндө тартылса, монтажга бир жума убакыт кетти. Анын режиссёру - Улан Шеркулов. Клипте жаштардын арак, тамеки тартып жүргөнү тартылган”,- дейт жаңы чыгарма тууралуу Добр.

Ачуу суу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан