Белгилүү тележурналист
Эрнис Кыязов 15-майда саат 13:00дө уулдуу болуп, учурда чеке жарыла сүйүнүп жүргөн кези. Ал мындай сүйүнүчтүү кабарды кечээ жеке баракчасы аркылуу жар салып, калың эл менен тең бөлүштү. Бүгүн, 16-майда тележурналист уулуна Эмирэл деген ысым ыйгарганын билдирди. Анын айтымында, наристеге Эмир деген ысымды чоң ата, чоң энеси ыйгарган. Бул атка ымыркайдын ата-энеси, Эрнис менен Дарыгүл "эл" деген сөздү кошушкан. Жыйынтыгында "Эмирэл" деген өзгөчө ат келип чыккан.
Кошумчалай кетсек, бул Эрнис мырзанын төртүнчү перзенти. Буга чейин бул үй-бүлө эки уул жана бир кызды тарбиялап өстүрүп келишкен.
Эрнис мырза, уулуңуздун бешик боосу бек болуп, эл керегине жараган азаматтардан болсун!