"2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" наамынын ээси Самат Эркинбек уулу Токмок шаарында тушоо кесүү концертин берет

"Супер-Инфо" гезитинин 2012-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын супер күлкү жаратуучусу" наамынын ээси, "Ак-Өргө city" командасынын оюнчусу Самат Эркинбек уулу 23-майда Акыркы коңгуроо майрамына карата кичи мекени Токмок шаарында тушоо кесүү концертин берет. Ал мындай жагымдуу жаңылыгын бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына билдирди.
"Кичи мекениме концерт коюу менин эки жылдан берки кыялым болчу. Буюрса, 23-майда орундалганы турат. Учурда уюштуруу иштери жана концерттик программанын үстүндө кызуу иштеп жатам. Концерттин негизги бөлүгүн тамашалар түзмөкчү. Мени колдоп "Ак-Өргө city" командасы, ырчылар Султан Садыралиев, Нурлан Насип, Чолпонай, Аваз Акимов, Малика Дина, Нурмат Садыровдор келишет. Буюрса, эсте каларлык концерт болот деп турам",- дейт Самат Эркинбек уулу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
MES
2014-05-16 13:27:53
жакшы жакшы ийгилик калайбыз
0
Alisher96
2014-05-16 13:29:44
ийгилик самат брат фамилябыз окшош екен
0
aikol87
2014-05-16 18:40:30
Концерт коймой мода бизде. Бир ыры менен концерт коюшат, келбей коюшса капа болот .
0
kg91
2014-05-16 19:12:08
ийгилик браток
0
algajawoo
2014-05-16 21:34:56
Самат менен жолугушуу керек да эгер двойник керек болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан