Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына карата «Аскер таланттары» аттуу сынак өтүүдө (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 16-майда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунда Куралдуу күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгына арналган «Аскер таланттары» аттуу сынактын акыркы этабы болуп өттү.

Сынак аскер бөлүктөрүндө кыш мезгилинде жарыяланып, анын баштапкы этабы Коргоо министрлигинин туруктуу жайгашкан кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде Мекенди коргоочулардын күнүнө карата 23-февралда өткөрүлгөн. Ал эми тандоо этабы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнө арналып өтүп, анда жеңүүчүлөрдөн курама командалар түзүлгөн.

Бул маданий-аскерлештирилген сынакка Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын, Борбордук баш ийүүдөгү кошуундар менен бөлүктөрдүн, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардиянын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин чыгармачыл топтору катышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орун КР КК Аскер институтунун тобуна, 2-орун Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын тобуна ыйгарылды. Ал эми 3-орунга Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн тобу татыктуу болду.

Офицердик вальс менен заманбап бийлер, жекече номердеги жана хор менен аткаруудагы аскердик-патриоттук, эстрадалык ырлар мамлекеттик жана расмий тилдерде аткарылды. Ал эми 2014-жылдын 29-майында сынактын лауреаттарынын катышуусунда гала-концерт болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lavanda
2014-05-18 09:43:46
Мекенибизди каттуу коргогула Кыргызстаныбыздын Куралдуу күчтөрү!Аскер кийимчендер мага аябай жагат.
Таланттыңыздарга таазим!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан