Орусиялык белгилүү ырчылар Алексей Чумаков менен Юлия Ковальчук баш кошуп, Испанияда заманбап той өткөрүштү

Орусиялык белгилүү ырчылар Алексей Чумаков менен Юлия Ковальчук баш кошуп, Испанияда заманбап той өткөрүштү. Эки жаштын бул жакшылыгына 12 адам гана күбө болгон. Алар Алексейдин атасы, Юлиянын ата-энеси жана эки жаштын жакын достору. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, заманбап тоюн тынч жерде, маалымат каражаттарынан оолак өткөрүүнү каалаган эки жаш Испания өлкөсүн тандап алышкан. Бул өлкөдө саат 12ге чейин гана музыка коюуга уруксат берилгендиктен, алар той өткөрүүнүн алдында шаар мэринен түнкү 3кө чейин музыка коюу үчүн уруксат сурашкан.

Кошумчалай кетсек, Испанияда эки жаштын турак жайы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Angel92
2014-05-16 13:48:38
Бактылуу болгула
+2
Begimkyz
2014-05-16 13:48:47
Бактылуу болушсун! Анан никесинин омуру узун болсун! Булар ото бактылуу болушканында иш бар эле го... Ото кызыл бат онот дегендей...
+2
aikol87
2014-05-16 18:28:38
Ырас кылат бизге окшоп 2000 адам чакырып ачылып,чачылышпай. Бактылуу. болушсун!
+5
abaychik
2014-05-16 19:58:56
aikol87,созуно кошулам!
+3
Lumia-800
2014-05-18 12:47:41
Бир ырчынын уйлонуусу,бир ырчынын ажырашуусу дайым гезит бетин толуктап турат.
Куш боонор бек болсун! :))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан