Канн кинофестивалында актриса Николь Кидман тартылган тасма ызы-чууга кабылды (фотолор)   

14-майда кечинде Канн Эл аралык кинофестивалынын 67-ачылыш аземи болуп өттү. Аны француз режиссёру Оливье Даандын "Ханыша Монако" тасмасы ачты. Бул тасмада америкалык актриса, "Оскар" сыйлыгынын ээси, 1989-жылы каза тапкан княгина Грейс Келлинин жашоосу сүрөттөлөт. Келлинин ролун өткөн жылкы Канн фестивалында калыстар тобунун мүчөсү болгон актриса Николь Кидман ойногон. 
Кинофестиваль ачылып, тасма элге көрсөтүлдү. Бирок бул кечеге Монако бийлиги катышуудан баш тартты. Анткени княгина Келлинин уулу, князь Монако Альбер II "Тасмадагы окуялар чындыкка коошпойт. Бул биографиялык тасма эмес" деп расмий түрдө нааразычылыгын билдирген эле. Монако бийлигинин өкүлдөрү сценарийге бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын айтышканын, бирок режиссёр кулак салбай койгондугун айтып чыгышты. 
Алардын мындай сындарына тасманын режиссёру Оливье Даан "Биз эч кандай жаман нерсени чагылдырган жокпуз. Князь үйүнүн бойкоту тасманын кийинки тагдырына таасирин тийгизе албайт. Тасма жакында прокатка чыгат" деп жооп кайтарган. 
Ушундай ызы-чуу менен коштолгон Канн фестивалынын ачылыш аземи Голливуд жылдыздарынын кызыл килемден өтүүсү менен башталган. 
Белгилей кетсек, быйыл бул фестивалда жалпысынан 18 тасма көрсөтүлөт. 25-майда фестивалдын жабылыш аземи өтүп, сыйлыктар тапшырылмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lavanda
2014-05-17 09:33:00
Аида Йеспиканын көйнөгү жакты.
0
Lumia-800
2014-05-18 12:43:14
Николь Кидман жакшы актриса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан