"Супер-Инфо" гезитинин 2013-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын супер тасмасы" аталган "Салам, Нью-Йорк!" тасмасы “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгына татыды (фоторепортаж)

Бүгүн, 17-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында 2013-жылдын эң мыкты тасмаларына “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Аземге кыргыз киносуна бараандуу салым кошуп келе жаткан улуу инсандар, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаштар жана КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева катышты. Фестивалдын ачылышында кыргыз кинематографиясына салым кошкон бир топ маданий ишмерлер кызыл килемден өтүштү.

Андан соң сыйлык тапшыруу аземине кезек келип, “Эң мыкты фильм” наамын режиссёр Руслан Акундун “Салам, Нью-Йорк!” фильми жеңип алды.

“Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгынын жеңүүчүлөрү:

1) “Мыкты тасма” - «Салам, Нью-Йорк!»

2) “Мыкты режиссёр” - Руслан Акун, «Салам, Нью-Йорк!»

3) “Мыкты сценарий” - Сергей Кролевич, Руслан Акун, Гүлжан Токтогулова, «Салам, Нью-Йорк!»

4) “Мыкты оператор” - Акжол Бекболотов - «Көргүм келет».

5) “Мыкты сүрөтчү” - Руслан Токочев, Максат Болотбеков, «Салам, Нью-Йорк!»

6) “Мыкты композитор” - Эрлан Арстанов, Эрмек Керимбаев, «Салам, Нью-Йорк!»

7) “Мыкты үн режиссёр” - Бакыт Ниязалиев, Аманбек Майрамбек уулу, «Кумар»

8) “Мыкты монтаж” - Эльдияр Мадаким, «Салам, Нью-Йорк!»

9) “Мыкты аялдын ролу” - Калипа Усенова, «Кумар»

10) “Мыкты эркектин ролу” - Артык Сүйүндүков, «Кумар»

11) “Мыкты даректүү тасма” - Элнура Осмоналиева, «Биз жашаган мамлекет»

12) “Мыкты кыска метраждуу тасма” - Руслан Акун, «Перегон»

Мындан тышкары “Кыргыз киносунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн” наамы кыргыздын чыгаан режиссёру Болот Шамшиевге ыйгарылды.

Ал эми “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүк тасмасы” наамы эң жогорку касса чогулткан «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынын продюсери Нурбек Айбашевге ыйгарылды.

Кошумчалай кетсек, “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгында "Эң мыкты фильм" деп табылган "Салам, Нью-Йорк!" 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин таандоосу боюнча "Жылдын супер тасмасы" наамына, ал эми андагы Баатыр аттуу жигиттин ролун жараткан Бектемир Мамаюсупов "Жылдын супер актёру" наамына татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
rumaika5544
2014-05-17 22:55:10
сонун!Кумар тасмасы чыкты беле?кай жактан корсок болот?
+3
nursyi
2014-05-17 23:12:21
. Талиева -келбетинизге карап кийинсениз!
+4
Azem2013
2014-05-18 07:02:58
Ассоль эжем да журобу же башкабы?
0
aidai88
2014-05-18 08:08:10
Эркектердин акылы жок десе,жаш кыздардыкы ашып туштугу Нурбек Айбашовдун аялы озунун кызынанда кичинекей немего.Канжарды озуно сай,оорубаса анан башкага сай деген. Озунун кызын да чон кишиге турмушка чыкканда,не болмок экен.
0
aikol87
2014-05-19 09:39:50
aidai88, Нурбек Айбашов озу деле жаш семиз учун эле чон корунот.
0
sagyn01
2014-05-18 09:58:24
Адашпасам суротто чачы жок аял журобу
0
aitbek.06
2014-05-18 10:59:19
jakshy
0
Gulshan_kf
2014-05-18 11:06:16
Эн сонун)
0
Supataev.Salamat
2014-05-18 14:32:19
Илбиристин автору ким болду экен
-1
happy86
2014-05-18 15:53:11
Актриса кыздар жакшыраак койнок кийип албаптыр да..
+3
SHS
2014-05-18 16:38:18
Alyp baruu4u aiym kim boldu eken. Kenenireek koinok kyise sonun bolmok eken koinogunun taarynan tyrsyip i4 kyiminin izi korunup turat. Alypbaruu4u bolgondon kino festifaldyn juzu bolup tursa sonun bolmok.
+1
Begimkyz
2014-05-18 22:29:31
Силерди сындатып эле койсо, коч бара-бара тузолот.
0
motomoto
2014-05-18 22:43:43
Калипа деген кыз Кумондор Абыловдун кызы деген чынбы
0
syltanmyrat2013
2014-05-18 22:43:43
Бул жакшы жышаан кыргыз киносунда .Бирок мыкты режиссер деп НУРБЕК ЭГЕМ дейт элем кыргызстанда
0
aidai88
2014-05-19 09:05:54
Элина Абай кызынын бутундагы туфлини эсепке албаганда,базарга продуктага кетип жаткандай корунуш.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан