Бүгүн таланттуу, шайыр жаштардын башын бириктирген "Тамашоу" Лигасы 6-сезонун жыйынтыктайт 

Кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу менен бирге өлкөдөгү таланттуу жаштардын, анын ичинде студенттердин, окуучулардын башын бириктирген "Тамашоу" Лигасы 6-сезонун жыйынтыктап жатат. Бир топ курама командалар куйкум тамашалары менен ар түрдүү сынактарда күч сынашып келишти.

Долбоордун ар бир туруна активдүү катышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуу кылган мыкты командалар финалга жолдомо алышкан. Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бүгүн, 18-майда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун финалында мыкты оюндары менен эң күчтүү деп табылган 6 команда кубок үчүн таймашышат.

Алар: "Позитифф", "Кыргыз двор", "Элестет", "Бишкек", "Nо name" жана "NutsТан" курама командалары. Финалчылар сынакта 5: "Фристайл", "Ким тапан?", "Музыкалык тапшырма", "Видеотапшырма" жана "Капитандар сынагы" тапшырмалары боюнча күч сынашат.  

"Тамашоу" долбоору түптөлгөндөн тарта элге мыкты тамашаларды гана тартуулап тим болбостон, өлкөнүн атын чыгарган командаларды тарбиялап келет. Анда такшалып жаткан улан-кыздар кыргыз элине бир гана күлкү тартуулабастан, таамай айтылган тамашалары менен коомдогу терс көрүнүштөрдү чымчып өтүшүп, аң-сезимин ойготууга салым кошуп жатышат. Келечектен көптү үмүттөндүргөн өнөрлүү жаштардын өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө болгон долбоор аркылуу таанылган командалардын катышуучулары бүгүнкү күндө бийиктиктерди багындырышууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
turatbek-92
2014-05-18 18:56:36
No Name алга!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан