Бүгүн, 18-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонунун финалы өтүп жатат. Анда буга чейин мыкты оюндары менен эң күчтүү деп табылган 6 команда кубок үчүн таймашууда. Алып баруучу Эрмек Нурбаев сынактын башталышында бүгүнкү оюнду ачып берип, калыстар тобун сахнага чакырып алды.
Командалардын өнөрлөрүнө КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, эстрада ырчысы Урмат Усенов, SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, ырчы Омар, юрист Жоомарт Жолдошев жана Кумар Жалиевдер баа беришет.
Калыстар тобунан соң сахнага финалчылар чакырылды. Финалдык беттешти "Позитифф" курама командасы ачып берди. Алар Урмат Усеновго "Евровидение-2014" сынагынын жеңүүчүсү Кончита Вурстту, Замира Молдошевага мырзаларды, Омарга суйкайган сулуу кыздарды жана юрист Жоомарт Жолдошевге абакта отургандарды чакырып, белек кылышты. Ар бир кесипти ардактай билели деген "тамашоучулар" көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулай алышты.
Андан кийин "Элестет" курама командасы Нурлан Мотуев менен Аскар Акаевдин образында залды күлкүгө бөлөштү. Мындан ары оюнду "Кыргыз двор", "Бишкек", "Nо name" жана "NutsТан" курама командалары улантышат.
Эске салсак, бүгүнкү жыйынтыктоочу оюнда командалар "Фристайл", "Ким тапан?", "Музыкалык тапшырма", "Видеотапшырма" жана "Капитандар сынагы" тапшырмалары боюнча күч сынашат.