Германиядагы дүкөндөрдүн текчелеринде "Евровидение-2014" сынагынын жеңүүчүсү, веналык трансвестит бийкеч Кончита Вурсттун элеси түшүрүлгөн колбасалар сатыкка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өндүрүүчүлөр ырчыдан эч кандай уруксат алышкан эмес. Алар ойлонбостон эле бул колбасаны "Konchita Wurst" деп аташкан. Белгилей кетсек, "wurst" деген сөз немис тилинде колбаса дегенди билдирет.